1

Биринчиден, пенде дубаны Аллах үчүн гана (ихлас менен) кылуусу важып. Ал анык билиши керек: анын дубасына Аллах гана жооп бере алат! Ошондуктан Аллахтан башкага дуба менен кайрылбасын!Аллах менен өзүнүн ортосуна эч кимди – пайгамбарды да, периштени да, олуянын арбагын да койбостон, түздөн-түз Аллахтын Өзүнөн сурасын! Аллах Таала айткан: “Аллахтын Өзүнө гана дуба кылгыла жана дин-ибадатыңарды Ага гана арнагыла!” (Гаафир: 14)

1/16