Search Results For:ornamental key...
Total Records Found:9
Total Records Found:9
Намазга даарат алган сыяктуу даарат алып, даарат менен дуба кылуу. Анткени, Бухари менен Муслим риваят кылган хадисте Абу Мусага анын абасы Абу Амир: “пайгамбардан менин акыма дуба сурап бер” дегени баяндалат. Анан Абу Муса муну айтканда пайгамбарыбыз (ага Аллахтын саламы болсун!) Абу Мусага “суу алып кел!” деп буюрат. Кийин даарат алып, эки колун көтөрүп: “О Аллахым! Убайд Абу Амирдин күнөөлөрүн кечир! О Аллахым! Кыяматта анын даражасын көп адамдардан бийик кыл!” деп дуба кылат. (Бухарий: 4323-хадис. Муслим: 2498-хадис)
Show more...Аллах Таалага жакшы күмөндө болуп, “албетте, тилегимди берет жана дубамды кабыл кылат!” деп бекем ишенүү жана дубанын натыйжасын шаштырбөө. Далил: Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын саламы болсун) мындай дегенин риваят кылган: “Эгер пенде Аллахтан күнөө ишти, тууганчылыкты үзүүнү сурабаса жана натыйжасын шаштырбаса анын дубалары кабыл боло берет”. Ошондо андан: “О Аллахтын элчиси! Шаштыруу кандай болот?” деп сурашканда, “кайра-кайра дуба кылдым, бирок кабыл болгонун көрбөдүм!” деп айтуу жана дуба кылууну токтотуп коюу”-деп жооп берди. (Муслим: 2735)
Show more...Дуба-тилек сөздөрүн көп кайталоо жана Аллахтан кайра-кайра суроо. Далил: Абдуллах бин Аббас риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам сахабалары үчүн мындай деп дуба кылганы айтылат: “О Аллахым! Мага убада кылган жеңишти бере көр! О Аллахым! Мага убада кылганыңды бере көр!” Ал (колун бийик көтөрүп) ушинтип (кайра-кайра) жалына бергенден улам, чапаны желкесинен сыйрылып жерге түштү. Ошондо Абу Бакр келип, чапанын желкесине жаап: “О Аллахтын пайгамбары! Ушунчасы жетиштүү болоттур...” - деди. (Муслим: 1763)Ошондой эле Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун)...
Show more..."О, Рабби! Үстүбүздөн сабыр - чыдамкайлык жаадыр, кадамыбызды бекем кыл жана каапыр коомдордун үстүнөн жеңиш бере көр!" (Бакара: 250)
Show more...“О, Аллахым, о Раббим! Бизге дүйнөдө да акыретте да жакшылык бер жана тозок азабынан сакта!» (Бакара сүрөсү, 201-аят)Бул дубаны пайгамбарыбыз (ага Аллахтын саламы болсун) көп окуган
Show more...Аллахым! Мен кайгы-капачылыктан, алсыздык жана ооруудан, бакылдыктан, ташбоордуктан, коркоктуктан, карыздын жүгүнөн жана адамдардын эзүүсүнөн коргоо тилеп Өзүңө жалбарамын!” (Бухари: 2893)
Show more...Аят аль Курсини бир ирет окуйтАллах... Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, Өзү гана бар. (Ал) – түбөлүк Тирүү, (ар нерсени башкарып) Туруучу. Аны үргүлөө да, уйку да кармабайт. Асмандардагы жана жердегинин баары Аныкы! Анын алдында, Анын уруксаты болмоюнча эч ким (эч кимге) шапаат-колдоочулук кыла албайт. Ал алардын (бардык макулуктардын) келечегиндеги жана өтмүшүндөгү нерселерди билет. Ал эми, алар (калк-калайыктар) болсо, Анын илиминен Ал Өзү каалагандан башка эч нерсени билишпейт. Анын Курсийси асмандар жана Жерден да кенен. Ал экөөнү (асмандар менен...
Show more...О Аллахым! Адамдардын Раббиси! Ушул орууну арылта көр! Шыпаа бер, Өзүң гана шыпаа берүүчүсүң! Сенин шыпааңдан башка шыпаа жок! Эч кандай сыркоону калтырбай турган шыпаа бер!» (Бухари: 5750. Муслим: 2191)Ушуну окуп, оң колу менен оорулууну, же анын ооруган жерин сылайт
Show more...“Бисмиллах, жерибиздин топурагы биздин бирөөбүздүн шилекейи менен (аралашат жана андан) Раббибиздин уруксаты менен оорууларыбыз шыпаа табат”. (Бухарий маьал фатх: 5745. Муслим: 2194)Шилекейлеп, аны топурак менен жуурулуштуруп, кийин ошол бармагын оорулуу жерге коюп, ушул дубаны окуйт
Show more...