17

«اللَّهُمَّ اهْدِنِي فِيمَنْ هَدَيْتَ، وَعَافِنِي فِيمَنْ عَافَيْتَ، وَتَوَلَّنِي فِيمَنْ تَوَلَّيْتَ، وَبَارِكْ لِي فِيمَا أَعْطَيْتَ، وَقِنِي شَرَّ مَا قَضَيْتَ، إِنَّكَ تَقْضِي وَلَا يُقْضَى عَلَيْكَ، إِنَّهُ لَا يَذِلُّ مَنْ وَالَيْتَ، وَلَا يَعِزُّ مَنْ عَادَيْتَ، تَبَارَكْتَ رَبَّنَا وَتَعَالَيْتَ»

«Аллоохумм ахдиний фий-ман хадайта, ва `аафиний фий-ман`аафайт(а), ва тавал-ланий фий-ман таваллайта, ва баарик лий фий маа а`тойта, ва киний шарро маа кодайт(а), фа-иннака такдий ва лаа юк-доо`алайк(а), иннаху лаа язиллу ман ваалайт(а), (ва лаа я`иззу ман `аадайта) Табаарокта роббанаа ва та`аалайта».

О Аллахым! Өзүң туура жолго салган пенделердин катарында мени да тура жолго сал. Өзүң амандык берген кишилер катарында мага да амандык бер. Өзүңө жакын туткан кишилер катарында мени да Өзүңө жакын тут. Мага берген нерселериңди берекелүү кыл. Өкүм-тагдыр кылган нерселериңдин жамандыгынан мени сакта. Чындыгында Сен өкүм кыласың. Сага эч ким өкүм кыла албайт. Чындыгында Сен Өзүңө дос туткан пендең эч качан кор болбойт. (Ал эми Сен кимди Өзүңө душман тутсаң, ал эч качан кадырлуу болбойт). О, Раббибиз! Сен эң жогорку, эң Улуксуң!

17/19