5

Бешинчиден, дуба кылып жаткан кишинин тамак ашы жана кесиби адал болушу шарт. Эгерде кесиби жана тамак-ашы арам болсо, анда анын дубасы кабыл болбойт! Анткени, Абу Хурайра риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам мындай деген: “Бир киши алыс сапарда. Чачтары тозуган, чаң баскан (муктаж) бир абалда эки колун асманга созуп: “О Раббим! О Раббим...” деп дуба кылып (сурап) жатат. Бирок, анын тамак-ашы, ичкени жана кийгени арамдан! Мунун дубасы кабыл болмок беле?!” (Муслим: 1015)

5/16