4

Төртүнчүдөн, сиз канчалык чоң күнөөлөрдү жасоо менен Аллахтан алыстап кетсеңиз да, тооба кылып, Аллахка кайтсаңыз, Ал сүйүнөт. “Менин дубам кабыл болбосо керек” деген ой жана Аллахтан үмүтсүздүк сезими жүрөктө болбошу керек! Тескерисинче, Аллах Таала – эгер сиздин дубаңызга муктаж болбосо да – Ага кайрылып, сурап жатканыңыздан сүйүнөт. Ушуну унутпаңыз! Аллах Таала айткан: “Албетте, Аллах бардык күнөөлөрдү кечирет” (Зумар: 53). “О Мухаммад, пенделерим сенден Менин жөнүмдө сураса, айткын: Мен аларга жакынмын. Мага качан бир дуба кылуучу (пендем) дуба кылса, Мен анын дубасына жооп беремин!” (Бакара: 186).

4/16