12

Рукья кылуунун шарттары жана башка эскертүүлөр

1- Рукья туура, башкача айтканда жалаң Кураан жана сүннөттөн алынган дубалар болушу жана аны окуу ыкмасына жана сөздөрүнө (текстине) арам болгон ширк, бадьат сөздөрү аралашпаган болушу кажет.

2- Мусулман Раббисине байланып, Ага өзүн толук тапшырышы жана рукья Аллахтын каалоосу менен гана таасир бере турган бир себеп экенин жакшы билиши керек.

3- Тажрыйба катары (пайдасы тиеби, же жокпу деп) рукья кылбаш керек. Балким, дем салуучу дагы, оорулуу дагы рукьянын таасирине бекем ишениши зарыл.

4- Кураандын бардык аяттары шыпаа. Анткени, Аллах Таала: «Мен Кураанда ыймандууларга ырайым жана шыпаа боло турган аяттарды түшүрдүм» (Исра: 82) деген. Бирок, пайгамбарыбыз рукьяда окуган аяттар менен дем салган абзел.

5- Оорулуу адам өзүнө-өзү дем салганы абзел. Бул эң пайдалуу ыкма. Анткени, мында чынчылдык, Раббиге муктаждык, жүрөктүн сергек болушу жана калыс ниет көп болгондуктан пайдасы дагы көп болот.

12/12