8

Дубаны бийик добуш менен эмес, акырын (купуя) добуш менен кылуу. Далил: Аллах Таала айтты: “Раббиңерге жалынып жана купуя түрдө дуба кылгыла!” (Аьраф: 55). Анткени, купуя дубада ихластуулук көбүрөөк болот. Ошондуктан, Аллах Кураанда Закария пайгамбардын купуя дубасын мактап: “Ал Раббисине купуя түрдө жалбарып дуба кылды”-деген. (Марям: 3). Тафсир имамдары айтат: “Закария ихласты табуу үчүн купуя дуба кылган”.

8/10