6

Аллах Таалага Анын көркөм ысым-сыпаттары менен дуба кылуу. Мында кандай дуба кылса ошого ылайык келген ысым-сыпаттарды тандап алат. Маселен, Аллахтан ырыскы сураса, “Я, Раззак (о ырыскы берүүчү) мага ырыскы бер!” деп сурайт. Эгер ырайым сураса, “Я, Рахман (о Ырайымдуу) мага ырайым кыл!” деп сурайт. Ал эми күч-кудурет сураса, “Я, Азиз (о Күчтүү) мага күч бер!” деп сурайт. Ошондой эле, эгер кечирим сураса, “Я, Гафуур (о Кечирүүчү) мени кечир!” деп, ал эми шыпаа сураса, “Я, Шаафи (о шифаа берүүчү) деп сурайт, ж.б.у.с. Аллах Таала айткан: “Аллахтын сонун-көркөм ысымдары бар. Ага ошолор менен гана дуба кылгыла!” (Аьраф:180)

6/10