4

Дубаны Аллахка мактоо жана Анын пайгамбарына салават айтуу менен баштоо. Далил: Расулуллахтын (ага Аллахтын саламы болсун) сахабасы Фадала бин Убайд айтты: “Аллахтын элчиси (ага Аллахтын саламы болсун) бир кишинин Аллахка мактоо жана Анын элчисине салават айтпай эле дуба кылып жатканын көрүп: “Бул киши шашып жатат”-деди. Кийин ал кишини чакырып: “Эгерде бириңер дуба кылчу болсоңор оболу Улук Аллахка мактоо, андан кийин Анын пайгамбарына (ага Аллахтын саламы болсун) салават айтсын, ушундан кийин гана каалаганын сурай берсин!” деди. (Абу Дауд: 1481. Тирмизи: 3777. Албани сахих деген)

Аллахка мактоо маселесинде оболу Кураандын башындагы сүрөлөрдө келген Аллахты даңктаган аяттарды окуп, андан кийин Аллахтын пайгамбарына салаваттарды айтып, кийин кайрадан Аллахка мактоо сөздөрдү айтып, андан кийин дуба кылса, кабыл болушуна үмүт чоң.

4/10