3

Эки колду көтөрүү. Бул экөөнүн сүннөт экенине Абдуллах бин Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган төмөнкү хадис далил болот. Ал айтты: “Мага бул хадисти Умар бин Хаттап (Аллах андан ыраазы болсун) айтып, мындай деген: “Бадр казаты болгон күн эле. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын саламы болсун) миң чамалуу мушриктерге карады. Сахабалары болгону 319 адам. Ошондо Аллахтын пайгамбары кыбылага жүзүн буруп, эки колун асманга карай көтөрдү жана: “О Аллахым! Мага убада кылган жеңишиңди бере көр! О Аллахым! Мага убада кылганыңды бере көр!” деп, бийик добуш менен дуба кылды”. (Муслим: 1763)

3/10