Дуба-тилек сөздөрүн көп кайталоо жана Аллахтан кайра-кайра суроо. Далил: Абдуллах бин Аббас риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам сахабалары үчүн мындай деп дуба кылганы айтылат: “О Аллахым! Мага убада кылган жеңишти бере көр! О Аллахым! Мага убада кылганыңды бере көр!” Ал (колун бийик көтөрүп) ушинтип (кайра-кайра) жалына бергенден улам, чапаны желкесинен сыйрылып жерге түштү. Ошондо Абу Бакр келип, чапанын желкесине жаап: “О Аллахтын пайгамбары! Ушунчасы жетиштүү болоттур...” - деди. (Муслим: 1763)
Ошондой эле Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын саламы болсун) Даус уруусуна мындай деп дуба кылганы баяндалат: “О Аллахым! Даус уруусун туура жолго башта жана аларды (Мединага) алып кел! “О Аллахым! Даус уруусун туура жолго башта! жана аларды (Мединага) алып кел!”
(Бухарий: 2937. Муслим: 2524)