1
Аллах Таалага жакшы күмөндө болуп, “албетте, тилегимди берет жана дубамды кабыл кылат!” деп бекем ишенүү жана дубанын натыйжасын шаштырбөө. Далил: Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын саламы болсун) мындай дегенин риваят кылган: “Эгер пенде Аллахтан күнөө ишти, тууганчылыкты үзүүнү сурабаса жана натыйжасын шаштырбаса анын дубалары кабыл боло берет”. Ошондо андан: “О Аллахтын элчиси! Шаштыруу кандай болот?” деп сурашканда, “кайра-кайра дуба кылдым, бирок кабыл болгонун көрбөдүм!” деп айтуу жана дуба кылууну токтотуп коюу”-деп жооп берди. (Муслим: 2735)