1

Намазга даарат алган сыяктуу даарат алып, даарат менен дуба кылуу. Анткени, Бухари менен Муслим риваят кылган хадисте Абу Мусага анын абасы Абу Амир: “пайгамбардан менин акыма дуба сурап бер” дегени баяндалат. Анан Абу Муса муну айтканда пайгамбарыбыз (ага Аллахтын саламы болсун!) Абу Мусага “суу алып кел!” деп буюрат. Кийин даарат алып, эки колун көтөрүп: “О Аллахым! Убайд Абу Амирдин күнөөлөрүн кечир! О Аллахым! Кыяматта анын даражасын көп адамдардан бийик кыл!” деп дуба кылат. (Бухарий: 4323-хадис. Муслим: 2498-хадис)

1/1