1

Ааламдардын Жаратуучусу Аллахка мактоолор! Анын элчисине, элчисинин үй-бүлөсүнө жана сахабаларына Аллахтын салават-саламдары болсун!

Бул китепче төмөндөгү улук маанилүү ар кандай дубаларды өз ичине камтыган: Аллах Таалага мактоо дубалары, Кураандан алынган дубалар, пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам ар дайым окуп жүргөн жана коргоо тилеген дубалар, шариятка (сүннөткө) ылайык рукья дубалары, эрте менен жана кечинде окула турган дубалар жана зикирлер...

Ошондой эле бул китепчеде дуба кылуунун адептерин баяндап, мусулман бурадарым Кураан-Сүннөттө келген жана көп маанилерди өзүнө камтыган дубалар менен Раббисине кайрылуусу үчүн жалаң сахих булактарда келген дубаларды тандап алдым.

Ар бир дубанын арабча тексти, кыргызча котормосу жана анын кандай окулушун (транскрипциясын) да жазып чыгууга жетиштик. Дубалар кайсы булактан алынганын китептин аягында көргөздүм.

Аллах Таалага жалынып, бул амалымды Өзүнүн ыразычылыгы үчүн болгон амалдардан кылуусун суранамын!

Сөзүмдүн акырында пайгамбарыбыз Мухаммадга, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына Аллахтын салават-саламдарын жолдоймун!

Д. Абдуллах бин Ҳамууд ал-Фурайх

1/1